Калкты атуулдук баш ийбөө акцияларын өткөрүүгө грузин оппозициясы үндөөдө. Оппозиция лидерлеринин бири Михаил Саакашвилинин айтымында, калк тынч маанайдагы демонстрацияларга, иш таштоого жана башка нааразылык билдирүүнүн мыйзамдуу түрлөрүнө бара алат. Грузин президенти Эдурад Шеварнадзе кечээ оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдирип, бийлик өз кезегинде атуулдук баш ийбөө акцияларына каршы мыйзамдуу чара көрөөрүн эскертти. Грузиядагы нааразылык акциялары парламенттик шайлоодон соң тутанган. Оппозиция бийликти добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалаганы үчүн айыптап, президент Э.Шеварнадзенин отставкасын талап кылууда.