Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Сербиядагы президенттик шайлоо кайрадан жараксыз болуп калды


Сербияда мамлекет башчысын шайлоо аракети ушуну менен үчүнчү ирээт натыйжасыз аяктап олтурат. Бул жолу добуш берүүгө калктын 38,5%ы эле келди. Мыйзам боюнча шайлоо жарактуу деп табылыш үчүн ага шайлоого укуктуулардын 50%ы катышышы керек. Сербия дээрлик бир жылга жакын убакыттан бери президентсиз жашоодо. Баштапкы маалыматтарга караганда, азыркы шайлоого катышкандардын 45%дайы улутчул Радикалдык партиянын талапкери Томислав Николичти, 36%ы бийликтеги Демократиялык коалициянын талапкери Драголюб Мичуновичти колдогон. Белгилеп кетчү жагдай, жараксыз болуп калган шайлоодо алдыңкы орунга чыккан Радикалдык партия - Сербиянын мурдагы лидери, учурда камакта отурган Слободан Милошевич менен узактан бери саясий ымаласы бар уюм.

XS
SM
MD
LG