Маалыматтарга караганда, америкалык аскерлер бүгүн таңга маал тик учмалардын колдоосунда Тикрит шаарынын айланасындагы буталарга сокку урду. Саддам Хусейндин кичи мекени – Тикрит учурда АКШ баштаган коалицияга каршылык көргөзүүнүн борбору катары эсептелет. Аскерий операция Багдадда да жүрүүдө. Өткөн түнү шаардын борборунан бир нече жарылуулардын үнү угулду. Кечээ Киркук шаарынын жанында, партизандардын базасы деп шектелген жер спутник аркылуу башкарылган, 225 киллограмдык дүрмөтү бар ракета менен атылган. Мындай ракетаны америкалык аскерлер Ирактагы негизги уруштар аяктады деп жарыяланган 1-майдан бери алгачкы ирээт колдонуп отурат. Мунун аралыгында, Мосул шаарында ишембиде болгон кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө. Анда америкалык эки тик учманын абада кагылышуусунан 17 жоокер каза тапты. Ырасталбаган маалыматтар боюнча, тик учмалардын бири жерден атылган болушу мүмкүн. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш Саддам Хусейндики делген жаңы аудиотасмада айтылгандарды четке кагып, аны "пропаганда" деп атады. Кечээ Дубайдагы "ал-Арабия" телеканалы Саддам Хусейндики деп уктурган аудиотасмада Ирактагы чет элдиктер азыр кризиске кептелгени белгиленип, америкалыктарга каршы күрөштү күчөтүү чакырыгы айтылган. Президент Жорж Буш белгилегендей, АКШ Ирактан ишин аяктамайынча кетпейт.