Кабулдан түштүктөгү Гардез шаарында куралын тапшырган можахеддердин парады өткөрүлдү. Жергиликтүү кол башчы Исмаил Зарзай алардын 95 түркүн курал, анын ичинде граната, мылтык, минометторду тапшырганын билдирди. Өткөн аптада Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарында 1 миңдей киши куралын тапшырган эле.
Бириккен Улуттар уюму каржылаган куралсыздандыруу программасы июль айында солгундай түшүп, азыр кайра уланууда. Программада курал чогултуудан тышкары, куралдуу топторду таркатып, аларды бейпил турмушка тартуу да каралган.