БИШКЕК. 19-20-ноябрь күндөрү Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен бүгүн алынган маалыматка караганда, бул тышкы иштер министрлеринин ЖККУ түзүлгөндөн кийинки алгачкы жыйыны жана анын күн тартибине олуттуу 12 маселе коюлган. Алардын арасында Ооганстандагы кырдаалды талкуулап, билдирүү кабыл алуу, уюм менен Түндүк Атлантикалык Альянстын кызматташтык багыттарын тактоо жана уюмдун ишин илгерилетүүгө негиз берүүчү иш-чараларды белгилөө маселелери бар. Жыйынга уюмдагы мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жетектеген делегациялардан тышкары ЕврАзЭСтин баш катчысы Григорий Рапота жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышат.