Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Кыргызстанда бензиндин кымбатташы жол киренин да кымбатташын шарттап жатат


БИШКЕК, ОШ, ЖАЛАЛАБАД. Өткөн жуманын аягынан тартып күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда кескин көтөрүлүп кетти. Бишкек шаарында А-93 маркасындагы бензиндин баасы 16 сомдон 23 сомго чыгып, А-80 маркасындагы бензин дээрлик 7 сомго кымбаттап, баасы 1 сом 70 тыйынга чейин көтөрүлдү. Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Олег Забаранын айтымында, буга Чымкенттен бензиндин келбей калышы себеп болду. Өкмөттүк аппараттын энергетика боюнча бөлүмү «мунай тармагын менчик ишканалар тейлегендиктен, кырдаалга эч кандай баа бере албасын» билдирди. Бензинге баанын көтөрүлүшү менен кошо өлкөнүн булуң-бурчтарына барууга жол кире да кымбаттады. Мунай базарында түзүлгөн кырдаалга түшүндүрмө берүүнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары бүгүн өкмөттөн талап кылышты. Маселе жума күнү парламенттеги «өкмөттүк саатта» каралмак болду.
Ал эми Ошто көпчүлүк менчик машинелердин ээлери бензиндин кымбаттаганына байланыштуу ишин токтотушту. «Күйүүчү май 11-12 сом болгон кезде 4 сом акы менен жүргѳнбүз. Азыр ал дээрдлик эки эсе кымбаттады. Ошондуктан жол кире акысын мэрия кѳтѳрүп берсин» деген талап менен бүгүн айрым бир каттамдардагы менчик унаалардын ээлери жолго чыгышкан жок. Эл кѳп жүрчү II, II а, б, VII, VII а, XII каттамдардагы унаалардын дээрлик бардыгы саат тогуздан кийин каттаганын токтотушту. Шаардын биринчи вице-мэри Минхожидин Сраждиновдун айтымында, бүгүн шаарда негизинен дизель майы менен жүрүүчү автоунаалар жана троллейбустар жүрүп жатышат.
Бүгүн Жалалабадда күйүүчү майдын баасы маркасына карай 21 сомдон 23 сом 50 тыйынга көтөрүлүп, Ташкѳмүрдѳ 24 сомго жетти. Райондорго каттаган менчик таксилер жол кирени 1,5-2 эсе кѳтѳрүп, Жалалабад-Бишкек каттамындагы таксилердин жол киреси 1300 сомго чыкты. Күйүүчү майдын кымбатташынын себебин жергиликтүү бийлик органдары изилдей элек. Кочкората шаарынан 10-20 күндѳ чогулган мунайды иштеткен Жалалабаддагы мунай заводу облустун муктаждыгынын 10% гана канааттандырат. Ѳткөн жума күнү кымбаттаган жол кире ѳзгѳргѳн жок. Наавай нан 2 сомдон 6 сомго чейинки баада, жогорку сорттогу ун 16 сом 50 тыйын, арзаны 9 сом, уй эти 80, ѳсүмдүк майы 32, 38 сомго сатылды. Облуста быйыл жер-жемиштин түшүмү начар болуп, алма, анар, бадыраң, жүзүм баштагыдан эки эсе кымбат.

XS
SM
MD
LG