Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Чет элдик укук коргоочулар Аксы окуясын иликтөөгө көмөктөшүүнү көздөп жатышат


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 6-7-ноябрда Вена шаарында кыйноолорго каршы өткөрүлгөн жыйынына катышкан айрым чет элдик укук коргоочулар Аксы окуясын иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдүн жазаланышына көмөктөшөт. Бул тууралуу бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова менен «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова билдиришти. Алардын айтымында, чет элдик укук коргоочулар Аксы окуясынын айрым көрүнүштөрү тартылган видеотасманы көргөндөн кийин аны иликтөө үчүн көчүрүп алышкан. Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулова ЕККУнун ушул жыйынына катышып келишкен. Алар жыйында «Кыргызстанда кыйноолор бар, бирок Кылмыш-Жаза кодексинде кыйноо жана ага кириптер кылган адамдарды жазалоо тууралуу берене так көрсөтүлгөн эмес» деп белгилешкен.

XS
SM
MD
LG