Герхард Шрөдөрдүн талапкерлигин Социал-демократиялык партиянын кечээ Бохум шаарында өткөн курултайына катышкан делегаттардын 80%ы колдоду. Бул мындан эки жыл мурунку курултайга караганда 7%га аз. Курултай социал-демократтардын калк арасындагы бедели төмөндөп жаткан учурда өттү. Немис шайлоочулары өлкөдөгү оор экономикалык абалды, социалдык камсыздоо системасындагы өзгөрүүлөрдү бийликтеги социал-демократтардын саясатынан көрүүдө. Канцлер Шрөдөр курултайдагы сөзүндө өлкөдө экономиканы чыңдоо максатында башталган радикалдык реформаларды аягына чыгарууну убада кылды.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага