Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Мурдагы посткоммунисттик өлкөлөрдүн экономикасы ыкчам өсүүдө


Европадагы өнүгүү жана кайра куруу банкынын соңку отчетунда келтирилген маалыматтарга караганда, маселен КМШ өлкөлөрүндө быйыл экономикалык өсүш 6,2%га, Борбордук Европа жана Балтика өлкөлөрүндө 3,3%га жетээри күтүлүүдө. Орусиянын өзүндө өсүш 6,2%дын айланасында болмокчу. Бул жалпы глобалдык экономиканын өсүү темпинен жогору көрсөткүч. Анткен менен банктын башкы экономисти Уильям Байтердин айтымында, КМШ аймагында өсүш негизинен утурумдук фактордун, атап айтканда эл аралык базарда мунай менен газдын наркы жогорулаганынан улам камсыздалууда. Адаттагыдай эле КМШнын экономикалык реформалар аксап жаткан өлкөлөрү катары ЭӨКБнын отчетунда Беларус, Өзбекстан, Түрмөнстан аталган.

XS
SM
MD
LG