Грузин оппозициясынын лидерлеринин бири Михаил Саакашвилинин айтымында, өлкө боюнча нааразылык жүрүштөрү эртең болушу мүмкүн. 2-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп эсептеген оппозициянын жүздөгөн активисттери бир нече күндөн бери Тбилисиде, парламент имаратынын жанында нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Алар президент Э.Шеварнадзенин отставкасын талап кылып жатышат. Бирок грузин президенти мындай талаптардан улам эле отставкага кете койбосун кечээ да ырастап, оппозицияны кайрадан сүйлөшүүгө чакырды. Президент Э.Шеварнадзе менен оппозиция лидерлеринин диалогуна ортомчулук кылуу үчүн ушул аптада Тбилисиге АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү келээри күтүлүүдө.