Насирия калаасындагы ал жардыруудан 19 италиялык курман болушкан жана бул Италиянын армиясы үчүн экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң жоготуу болуп калды. Алар менен коштошуш үчүн Италиянын президенти, премьер-министри баш болгон жүз миңдеген адамдар Римдеги Ыйык Павел чиркөөсүн тегерете чогулушту. Италиялыктардан башка дагы 9 ирактык набыт болгон ал күнкү жардыруу үчүн жоопкерчиликти "aл-Каида" уюму өзүнө алган.
Италияда өткөн аптада Ирактагы бомба жардыруусунан каза тапкан жарандарды акыркы сапарга узатуу тажыясы болуп өттү