Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

«Рентонгрупптун» аманатчылары пикетке чыгышты


БИШКЕК. «Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдатып жиберген миңден ашык аманатчы бүгүн Өкмөт Үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алар аманатчыларды алдап кеткен «Рентонгрупп» компаниясынын ишин дыкат иликтөөгө алуучу өкмөттү комиссия түзүүнү талап кылышты. Пикетчилер менен премьер-министрдин аппаратынын кызматкерлери жолугушуп, талап боюнча жоопту эки күндөн кийин берүүгө убада кылышты. Аманатчылардын төрайымы Татьяна Дагазиевадан алынган маалыматка караганда, өкмөт комиссия түзбөсө, аманатчылар сотко өкмөткө каршы доо арыз берип, атуулдардын укугун коргобогон өкмөттүн жазаланышын талап кылышат. Аманатчылар ага чейин «Рентонгрупптун» мүлкүн сатып, аны «Нарбото» фирмасы менен Мамлекеттик резерв боюнча комиссияга берүү тууралуу Свердлов райондук сотунун чечимин Жогорку Соттун алдына пикетке чыгып атып токтотушкан эле.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG