Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Жалалабад облусундагы көз карандысыз «Фергана» гезити президенттик администрацияга кайрылды


ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууда «Кыргыз почтасы» ишканасынын Жалалабаддагы, Оштогу жана Баткендеги башкармалыктары 300 миң сомдон ашык карызын төлөбөгөндүктөн, гезит чыкпай калуу коркунучунда тургандыгы эскертилди. Гезит жабылса окурмандар түштүктөгү жана кошуна өлкөлөрдөгү окуяларды, жаңылыктарды чагылдырган дагы бир басылмадан айрылаары жана маалымат алуу укуктары чектелээри маалымдалды. Катта карызды өндүрүүгө көмөктөшүү тууралуу өтүнүч айтылды. «Фергана» гезити менен бирге «Облустук акыйкат» жана «Жалалабад таңы», «Дил» гезиттерине облустук почта 700 миң сомдон ашык карызын төлөй албай жатат. Почта башкармасы анын себебин байланыш кызмат акысынын төмөндүгү жана ишкананын чоң чыгымга батканы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG