Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:02

Ысыккөл облусунун Түп, Аксуу райондорунун айрым айылдарына автожол каттамдары жабылды


КАРАКОЛ. Мунун себебин Каракол шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобекеттин директору Мухтарбек Буржуев акыркы жумадагы аба ырайынын кескин өзгөргөндүгү менен түшүндүрдү. Анын айтымында бул райондордун чыгыш тарабындагы Санташ, Сарытолгой, Акбулуң, Аксуу айылдарындагы кар калың түштү. Маселен, 3 күндөн бери Жыргалаң шахтасына каттаган автоунаанын облустун борборуна кайра келиши чоң маселеге айланууда. Жыл сайын кыш айларында ушул айылдарга автоунаанын катташы өтө кыйынга турат. Жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобекеттин жетекчилиги күрткү баскан жолдорду тез арада ачып берүү өтүнүчү менен облустук транспорт инспекциясына жана облустук жол курулуш башкармалыгына кат жолдоду.

XS
SM
MD
LG