БАТКЕН. Облус акимчилигинин айыл чарба бөлүмүнөн бүгүн алынган маалыматка караганда, облуста жалпысынан 22250 гектар аянтка күздүк эгин айдалыш керек болсо, азыр анын 16390 гектары же 73,6% гана айдалды. Буга негизинен күйүүчү майдын кескин кымбаттап кеткени себеп болуп, жер айдатууга дыйкандардын чама-чаркы чак келбей калды. Бир жума мурун эле Баткенде дизель майынын 1 литри 8 сом болсо, бүгүнкү күндө 16-17 сомго чыкты. Ал эми 1 литр бензиндин баасы 18 сомдон дароо 25 сомго чейин көтөрүлдү. Өлкөнүн түштүгүнүн эң түпкүрүндөгү Сүлүктү шаары менен Лейлек районунда бул баа мындан да кымбат болуп, 1 литр бензин 30 сомдун тегерегинде сатылууда. Күйүүчү майдын мынча кымбаттап кетиши ансыз да көпчүлүгү жакыр турмушта жашаган облустун калкынын жашоосун ого бетер кыйындатууда.