Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Электр акысы үчүн карызга баткандар аныкталууда


БИШКЕК. Кыргызстандын электр тармагындагы кырдаалды караган Коопсуздук кеңешинин 18-октябрдагы жыйынынан бери 42 кылмыш иши катталып, 32 кылмыш иши ачылды. Бүгүн бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Сергей Баженов билдирди. Анын маалыматына караганда, азыр электр энергиясы үчүн жалпы карыздын көлөмү өлкө боюнча 1 млрд. 432 млн. сомду түзөт. Ачылган кылмыш иштери боюнча мамлекет 9 млн. сомдук зыян тарткан. Электр энергиясын уурдоону токтотуш үчүн түзүлгөн атайын оперативдүү топ казынага 88 млн. сом өндүрүп берди. С.Баженовдун айтымында, кылмыштуу иштер бардык электр бөлүштүрүүчү станцияларда байкалды жана аларга жетекчи кызматкерлердин түздөн-түз тиешеси бар. Ички иштер министрлиги электр уурдоону токтотуу максаты менен курамы 707 адамдан турган топ түзгөн. Ал бир ай ичинде 2131 рейд жүргүзүп, электр энергиясын уурдоого байланышкан кылмыштарды ачуу, карыздарды төлөтүү багытында иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG