Президент Первез Мушарафтын өткөн ишембидеги чечимине ылайык экстремисттик үч, анын ичинде Кашмирде аракеттенген бир исламчыл уюм мыйзамсыз деп жарыяланган эле. Алар мурда да тыюу салынганына байланыштуу аттарын өзгөртүп алып эле иштеп жатышкан. Батыш маалымат агенттиктери өлкөнүн ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө шилтеме берип кабарлаганына караганда, үч уюмдун өлкө боюнча 137 бөлүмү жабылды.