Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

АКШнын Мамлекеттик катчысы МАГАТЭ Иран боюнча даярдаган резолюция жетишээрлик катаал эмес деп эсептейт


К.Пауэлл бул маселени кечээ Брюсселде Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери менен талкуулады. Ал сүйлөшүүлөрдөн соң төмөнкүлөрдү айтты:
- Иран азыр оң багытка оогон сыяктанып жатканын белгилөө мен үчүн жагымдуу. Бирок соңку жыйынтыкты чыгаруудан мурда эл аралык коомчулук Ирандан ал өзөктүк программаларын түгөл токтоткону жөнүндө ишенимдүү маалымат алышы керек.
Ирандын өзөктүк программасы эртең МАГАТЭнин Директорлор кеңешинде талкууланган жатат. АКШ МАГАТЭ Ирандын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштоосун каалоодо. Ал эми Европа Биримдиги буга макул эмес.

XS
SM
MD
LG