Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Грузияда саясий кризис сакталууда


Жакындагы парламенттик шайлоодон кийин тутанган чатактын чечилишине жардам берүү максатында АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Линн Паска кечээ Тбилисиде президент Эдурад Шеварнадзе жана оппозиция лидерлери менен жолукту. Сүйлөшүүлөр бүгүн да улантылмакчы. Оппозиция лидерлеринин бири, өлкө парламентинин спикери Нино Буржанадзе Вашингтон мунаса табууга жардам берет деп үмүттөнөт:
- АКШ - стратегиялык өнөктөшүбүз жана биздин өлкөнүн досу. Ал ар убак кыйын-кезең учурларда Грузия менен катарлаш болуп, Грузияга ылайык чечимдин табылышы үчүн аракеттенип келүүдө.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп эсептеген грузин оппозициясы отставкасын талап кылып жаткан президент Эдуард Шеварнадзеге колдоо көргөзүп, кечээ сегиз миңдей адам демонстрацияга чыкты. Мыйзамга ылайык шайлоонун акыркы жыйынтыгы 20-ноябрга карата жарыяланышы керек.

XS
SM
MD
LG