Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

АКШнын президенти мамлекеттик визит менен Британияга келди


Бүгүн Лондондогу Букингем сарайында британ ханышасы Элизабетттин катышуусунда президент Жорж Бушту расмий тосуп алуу салтанаты өтөт. Британияга Жорж Буш жубайы Лора менен бирге кечээ кечинде келди. Ал бүгүн Лондондо тышкы саясаттын маселелери боюнча сүйлөөчү сөзүндө Ирактагы согуштун тууралыгын коргомокчу. АКШ президентинин визитинен улам британ башкалаасынын тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй коопсуздук чаралары көрүлүп жатат. Бул багыттагы иш-чараларга 14 миң полицей тартылып, аларга АКШнын коопсуздук кызматтарынын 250дөй өкүлү жардам көргөзөт. Эртең Жорж Буш менен британ премьери Тони Блэрдин жолугушуусуна тушташ Лондондо Ирактагы согушка нааразылык билдирип,100 миңдей адам катышкан демонстрация өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG