Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

Түндүк Кореянын өзөктүк долбоору Бээжинде талкууга алынды


Бүгүн Бээжинде АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жэймс Келли менен Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи Пхеньяндын өзөктүк долбоору боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрүү маселесин талкуулашты. Аталган эки өлкөдөн тышкары Жапония, Россия жана Түштүк Корея экинчи жолугушуунун датасын аныктоого аракет жасап келатышат.
Бүгүнкү талкуунун деталдары айтылган жок. Бирок Кытайдын расмий өкүлдөрү Түндүк Корея жетекчилиги маселени диалог аркылуу чечүүгө даяр экенин туюндурган ишаара кылышканын маалымдашты.
Адам Келли Бээжинден кийин Түштүк Кореяга жол тартат. Буга чейин ал Токиодо Жапониянын коргоо министри Шигеру Ишиба менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG