Сербиянын реформачыл Демократиялык коалициясы жекшемби күнкү шайлоодогу утулуштан кийин ыдырап кетти. 2000-жылы мурунку президент Слободан Милошевичти бийликтен кулатууга салым кошкон коалициянын ордуна жаңы блок түзүлүшү ыктымал. Бул жөнүндө коалиция лидерлеринин бири Драголюб Мицунович кечээ кечинде билдирди. Бир кездери 18 партиянын башын кошкон коалиция “өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып бүттү”, - деди саясатчы.
Мицунович жекшемби күнкү президенттик шайлоодо ашкере улутчулдардын кандидаты Томислав Николичке жеңилип калган. Бирок добуш берүү, шайлоочулардын аз келгендигине байланыштуу, мыйзамдуу деп таанылган жок.