Софиядагы синагогалар жана элчиликтер катуу коопсуздук көзөмөлүнө алынды. Мындай чара Түркиядагы жардыруулардан кийин көрүлүп жатат. Бирок ички иштер министрлигинин жооптуу катчысы Бойко Борисов жергиликтүү каналга берген интервьюсунда Болгарияда “ал-Каида” тарабынан терракттар уюштурулуусу мүмкүн деген маалыматтар жок экенин айтты. Кечээ айрым түрк маалымат каражаттары “ал-Каида” жакынкы 20 күндүн аралыгында Софияда террордук акцияларды пландаштырып жатат деген кабар таратышкан эле. Түрк гезиттери андан тышкары Истамбулда ишемби күнү болгон жардыруулар ал-Каиданын Болгария менен Румыниядагы колдоочулары тарабынан алып келинген жардыргыч заттардын жарадамы менен ишке ашырылганын жазып чыгышкан.