Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Дүйнөдө 45 миллиондон ашуун киши ачарчылыкка кептелүүдө


Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк агенттигинин директору Жэймс Моррис Ирактагы согушка сарпталган каражат дүйнөдөгү ар бир ачка баланы тоюндурууга жетмек деген мазмундагы билдирүү жасады. Брюсселде жүргөн Моррис Европа Комиссиясы менен бирге ачарчылыкка каршы күрөш үчүн 3 миллиард доллар топтоо өнөктүгүн баштады. Анын ырастоосунда, дүйнөнүн 21 өлкөсүндө дээрлик 45 миллион киши кризистик абалда. Ошондой өлкөлөр арасында Судан, Тажикстан жана Уганда аталды.

XS
SM
MD
LG