Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Эртең Венада Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Ирандын өзөктүк долбоорун талкуулайт


Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Крис Паттен Ирандын өзөктүк долбооруна байланыштуу уюм менен АКШ ортосундагы пикир келишпестиктер жөнгө салынат деген үмүтүн билдирди.
Паттендин коментарийи Венадагы талкууну утурлай жасалды. Эртең Австриянын баш калаасында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Тегерандын өзөктүк долбоорун талкууга алмакчы. Британия, Франция жана Германия мекеменин жетекчилигине 18 жылдан бери өзөктүк программасын жаап жашырып келгендиги үчүн расмий Тегеранды сындаган резолюция долбоорун жөнөткөн. Вашингтон болсо резолюцияда каралган чаралар өтө жумшак деп, Иранга “Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимди” бузуп жатат деген айып тагылсын деген турумда.

XS
SM
MD
LG