Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Иракта коалиция күчтөрүнүн согушчандарга каршы операциялары уланып жатат


Ирактын Билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кечээ министрликтин Диванийя вилайетиндеги өкүлү белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлдү. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алгандар болгон жок.
Ал эми АКШ командачылыгынын басма сөз өкүлү билдиргендей, бүгүн түн ичинде Ирактагы коалициялык күчтөр Багдаддагы шектүү жайларга сокку урушту. Тикрит шаарында болсо согушчан топтордун позицияларына үчүнчү түнү катары менен чабуул коюлду.
Анын аралыгында Ирактын Башкаруу кеңешинин учурдагы төрагасы Жалал Талабани Түркияга келди. Анкарада “Күртстандын патриоттук биримдигин” лидери Талабани бир катар түрк жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG