Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Октябрда нан азыктары дээрлик 10% кымбаттады


БИШКЕК. Октябрь айында нандын жана нан азыктарынын баасы 9,8% өсүп, инфляциянын күчөшүнө алып келди. Натыйжада жыл башынан бери инфляция 2,6% жетти. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер комитетинен алынды. Быйылкы 10 ай ичинде эт 10%, май 4,3%, кант 5%, өнөр жай товарлары 0,7% кымбаттаган. Комитет бюджетке 10 ай ичинде 9 млрд. 700 млн. сом киреше өндүрүп, өткөн жылга салыштырмалуу 113,6% өсүш алып келген.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG