Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Бишкекте Борбор Азиядагы геосаясий кырдаал талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн «Пинара» мейманканасында «Европа Биримдигинин, Кытайдын, Орусиянын жана АКШнын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары» деген темада «тегерек стол» жыйыны болду. Аны Фридрих Эберт фонду жана «Седеп» изилдөө борбору уюштурушту. «Тегерек столго» өлкөдөгү таанымал саясатчылар, дипломаттар, Германиянын Кыргызстандагы элчиси катышты. Жыйында Борбор Азия мамлекеттери жеке таасирлерин арттырыш үчүн жалгыздап аракеттенип, анын натыйжасында ынтымакка келе албай жатышканы белгиленди. Ал эми регионго АКШ менен Орусиянын таасири өзгөчө күчтүү экени, андан кийин Европа Биримдиги менен Кытай таасирлүү экендиги айтылды. Германия элчиси Клаус Ахенбах «Борбор Азия мамлекеттери региондун тышкы саясаты боюнча бирдиктүү концепция иштеп чыгышы керек» деген идеяны ортого салды.

XS
SM
MD
LG