БИШКЕК. Президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча вице-премьер-министр даражасындагы атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн маалымат жыйынын өткөрдү. Ал мындан ары электр энергиясын өндүрүүгө жана анын жоготууларына катуу көзөмөл кылаарын билдирди. Бул тармактагы кыйын кырдаалдан чыгыш үчүн ал адегенде электр бөлүштүрүүчү ишканалардын ортосунда бартердик өз ара эсептешүүлөргө тыюу салды. Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, азыр атайын өкүл тууралуу жобо даярдалып жатат жана анын негизинде атайын өкүлдүн 14 кызматкерден турган катчылыгы түзүлөт. Андан тышкары, атайын өкүлгө бардык ГЭС, РЭСтердин жетекчилерин кызматтан алууга, бул тармактагы жеке менчик ишканалардын директорлор кеңешинин төрагалыгына катчылыктын өкүлүн сунуштоого укук берилди.
Президенттин энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү бул тармактагы көзөмөл күчөтүлө турганын билдирди