Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Кыргызстанга Казакстандын тышкы иштер министри келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев келди. Аны менен бул күнү Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, премьер-министри Николай Танаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов жолугушту. Жолугушууларда Казакстан менен Кыргызстандан ортосунда түзүлө турган ынтымактуу кызматташуу тууралуу келишим жана эл аралык автомобиль байланышы, чегарадагы текшерип-өткөрүүчү пункттар тууралуу макулдашуулар жөнүндө пикир алышуу болду. Касымжоомарт Токаев Николай Танаев менен жолугушууда «азыркы геосаясий шарттардан улам Казакстан менен Кыргызстан бири-бири менен тыгыш байланышта болушу зарыл» экендигин баса белгиледи. Ал сөз болуп жаткан макулдашуулардын мазмуну эки тарапка тең ылайык түзүлгөндүгүн билдирди. Казакстан менен Кыргызстандын кызматташтыгын тереңдете турган жаңы келишимге президент Аскар Акаев декабрдын башында Казакстанга расмий иш сапары менен барганда кол коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG