БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Аларча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны жабык эшик артында өттү. Ага Орусиянын, Казакстандын, Армениянын, Тажикстандын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлери, ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа жана Беларустун тышкы иштер министринин орун басары катышты. Отурумдан соң Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Тажикстандын тышкы иштер министри Талбак Назаров жана ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда бул жыйында 12 маселе, алардын ичинде Ооганстандагы кырдаал, ЖККУнун бюджети жана анын НАТО менен мамилеси талкууланганы айтылды. Н. Бордюжанын айтымында, Ооганстандагы кырдаал дагы эле тынчсыздандырууда, ал эми ЖККУ НАТО менен теңтайлашпастан, тескерисинче, кызматташат. Эртең бүгүнкү жыйындын катышуучулары «Кант» аба майданына барышат.