Жакынкы Чыгыштагы жагдайды жөнгө салуу боюнча аталган планды ООН, АКШ, Евросоюз жана Россия жарнакташып иштеп чыгышкан эле. Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган резолюция израил жана палестин тарабын “жол картасында” аныкталган бардык милдеттенмелерди аткарууга милдеттендирет. Резолюциянын долбоорун Россия сунуш кылды. Израил сөз болуп жаткан пландын коопсуздук кеңешинде жактырылышына каршы чыккан эле.