Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Кытайдын коргоо министри: «Кытай менен Кыргызстандын ортосунда талаш маселе жок, алардын кызыкчылыктары дал келет», - деп билдирди


БИШКЕК. Кытай менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселе жок жана эки өлкөнүн кызыкчылыктары да окшош. Кытайдын коргоо министри Цао Ганчуань Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев менен кечээ Бээжинде жолугушкан учурда ушундай пикирин айтты. Бул туууралуу бүгүн «Кабар» маалымат агенттиги жазып чыкты. Кыргызстандын коргоо министринин Кытайдагы иш сапары 25-ноябрда аяктайт. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анын иш сапарынын учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын быйылкы жылдагы жыйынтыгы чыгарылып, келечекте өз ара карым-катнашты чыңдоо маселеси талкууланат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG