Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Бишкекте быйылкы 9 ай ичинде 1736000 сомдук жаратылыш газы уурдалган


БИШКЕК. Кыргызстанда суук түшө баштагандан бери ар кандай жол менен жаратылыш газын уурдоо фактылары көбөйдү. Жыл башынан бери «Бишкекгаз» ишканасынан 1 млн. 736 миң сомдук жаратылыш газы уурдалды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында «Бишкекгаз» ишканасынын башчысы Василий Берестов билдирди. Анын айтымында, соңку 10 айдын аралыгында өз алдынча жаратылыш газын уурдап пайдаланган 108 киши кармалып, 120 миң сомдук айыппул өндүрүлдү. Мындан тышкары, жаратылыш газын уурдаган 42 факты боюнча иш прокуратурага өткөрүлүп берилди. Василий Берестовдун маалыматына караганда, бүгүнкү күнү «Кыргызгаз» ишканасы Өзбекстанга 10 млн. 800 миң доллар карыз.

XS
SM
MD
LG