БИШКЕК. Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү чегаралардын коопсуздугун бекемдөө багытында Бишкекте бүгүн талкуу уюштурду. Анда чегараны коргоо багытындагы проблемалар, өз ара түшүнүшүүгө жетишүү жана аларга эл аралык уюмдар тарабынан колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. Конференцияга кыргыз өкмөтүнүн, дипломатиялык чөйрөнүн, Кыргызстанда иш алып барып жаткан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Конференцияда Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Какколе Рэй, президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, БУУнун Кыргызстандагы программаларынын туруктуу өкүлү Ежи Скуратович ж.б. сөз сүйлөштү.