Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:50

Жогорку Сот бир катар уюмдарды экстремисттик жана террористтик уюм катары тааныды


БИШКЕК. Кыргызстандын Жогорку Соту бир катар уюмдарды экстремисттик жана террористтик уюм катары таануу тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкерлери Марат Эшперов жана Бакыт Осмоналиев билдиришти. Алардын айтымында, быйыл апрелде Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна «Хизб-ут-Тахрир» партиясын экстремисттик, ал эми «Шарк Азат Түркстан», «Шарки Түркстан ислам» жана «Түркстан ислам» партияларын террорчул партия деп таанууну сунуш кылган. Райондук сот бул сунушту канааттандырган чечим чыгарган. Көп өтпөй Жогорку Сот райондук соттун ошол чечимин күчүндө калтырган токтом кабыл алган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG