Бул тууралуу жаш балага сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталган 45 жаштагы поп жылдызынын ишенимдүү өкүлү билдирди. Жексон өзүнө коюлган айыпты моюнга алган жок. Кечээ анын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Санта-Барбарада шериф Жим Андерсон өкмөттүн турумун кабарчыларга мындайча түкшүмөлдөдү:
- Жаш балага ыдык көрсөткөндүгү боюнча бир нече учурларга байланыштуу, Жексон мырзага камакка алуу ордери чыгарылды. Күрөө 3 миллион доллар деп аныкталды. Жексон мырзага белгилүү мезгил аралыгында Санта Барбаранын шерифинин бөлүмүнүн карамагына өз ыктыяры менен келип берүүгө мүмкүнчүлүк берилди.
14 жашка чыга элек балага сексуалдык ыдык көрсөткөнү далилденсе, поп музыкасынын падышасы үчтөн сегиз жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө салынышы мүмкүн.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага