Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:43

Грузияда Шеварднадзенин партиясы жеңүүчү деп жарыяланды


Шайлоо комиссиясы 2-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Шеварднадзенин партиясы добуштардын 21 пайызы менен жеңип чыкты деп жарыялады. Шеварднадзени колдогон Демократиялык Кайра жаралуу биримдиги 19 пайыз добуштар менен экинчи болуп келди. Ал эми оппозициядагы Улуттук Кыймыл – Демократиялык Майдан партиясы 18 пайыз алган. Бул партиянын жетекчиси Михаил Саакашвили шайлоо бүткөндөн берки мезгилдүү нааразылык акцияларын уюштуруп, бийликтер шайлоону бурмалады деп, Шеварднадзенин отставкасын талап кылып келатат.

XS
SM
MD
LG