Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Британиянын Өзбекстандагы элчиси кайра Лондонго жеткирилди


Британ элчилигинин маалымат катчысы Леонид Кудрявцевдин Ассошиэйтед Пресске билдиришинче, Крейг Мюррей саламаттыгы кескин начарлап кетип, кечээ кайра Лондонго учуп кетти. Катчы "Мюррейдин сакайганда кайтып келиши күтүлөт" деди.
Өзбекстандагы адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу катуу сын айткан Мюррей Британияда эки айча дарыланып, өткөн жуманын соңунда Ташкенге кайтып келген эле. Ташкендеги британ элчилигинин алдында өткөн демонстрациянын катышуучулары Мюррейге Лондон өкмөтү өзбек бийликтерин сындаганы үчүн кысым көрсөтүп жатат деп ырасташты.

XS
SM
MD
LG