Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Ерели добуштардын ырасмий натыйжалары жана грузин жетекчилиги Вашингтондун көңүлүн өтө кайт кылды, деп айтты. Ерелинин сөздөрү боюнча, шайлоонун ырасмий жыйынтыктары өлкөдөгү калктын ыктыяр-эркин толук өлчөмдө туюндура албайт, тескерисинче, Ажарияда жана башка бир катар региондордо добуштар массалык түрдө бурмаланганын көрсөтөт.