Лондондо кечээ азан-казан эл катышкан нааразылык акциясы болуп өттү. Демонстрацияга чыккандардын саны болжол менен жүз миңден үч жүз миңге чейин жетти. Акцияга катышкандар Кошмо Штаттардын саясатын жана Ирактагы согушту айыпташты. Коомдук тартипти камсыз кылганга беш миңдей полицмен мобилизацияланды. Демонстрация маалында коога-калба болгон жок.