Ошол эле күнү Израилдин вице-президенти Эхуд Олмерт Иордан дарыясынын батыш жээгинде коопсуздук коргонун куруп жатканы үчүн жөөт өкмөтүн сынга алган америкалык бийликтердин пикирин четке какты. Бул дубал Израилди экстремисттердин куралдуу чабуулдарынан коргоо үчүн зарыл, деп билдирди Олмерт. Бейшемби күнү президент Жорж Буш бул курулуш региондогу жаңжалды жөнгө салууга жардамдашпай тургандыгын эскерткен эле.