Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Грузияда өткөн парламенттик шайлоого АКШнын мамлекеттик депертаменти нааразылыгын билдирди


АКШ Грузияда 2-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо өкмөт көптөгөн тартип бузууларга барды жана анын жыйынтыгы элдин эркин толук чагылдырбайт, -деп эсептөөдө.
АКШнын мамлекеттик депертаменти Грузиянын айрым райондорунда шайлоо атайын бурмалангандыгын билдирди. Бейшемби күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды, Расмий жыйынтыкка караганда президентик “Жаңы Грузия үчүн” блогу көпчүлүк шайлоочулардын добушун алган. Президент Эдуард Шеверднадзе жаңы парламенттин алгачкы отуруму ишембиде өтөөрүн билдирди.
Ал эми оппозициялык эки партиянын лидерлери Михаил Саакашвили менен Зураб Жвания ишембидеги парламенттик отурумга катышпастыгын маалымдады. Алардын тарапкерлери Шеверднадзенин кызматтан кетишин талап кылган митинг өткөрүү үчүн Тбилисиге жөө жүрүш башташты.

XS
SM
MD
LG