Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

МАГАТЭ Иран маселесин кийинки аптага калтырды


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ, Ирандагы өзөктүк программа боюнча резолюцияны кабыл алуусун кийинки аптага калтырды. МАГАТЭнин жетекчиси Мохаммед Барадейинин билдиришинче резолюциянын тексти кийинки шаршембиге чейин да маалым болбойт.
Айрым маселелерди чечүүгө жетиштик деп ойлойм. МАГАТЭ Кеңешинин мүчөлөрү резолюция боюнча келишим түзүүгө аракет кылып атышат. Бирок менин билишимче, ал үчүн көп убакыт керек. Келээрки жуманын ортосуна чейин резолюция даяр болбойт.
Кечээ күнү МАГАТЭнин Венадагы баш кеңсээсиндеги резолюциянын текстин талкуулоодо, айрым батыш элчилеринин ортосунда пикир келишпестиктер болду. Франция,Германия, жана Британия резолюциянын долбоорунда көрсөткөндөй, Иран келишимге ылайык бир катар милдеттерди аткарбады деген күнөө коюлган.

XS
SM
MD
LG