Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Түркиядагы жардыруудан 20дан ашуун адам набыт болду


АКШнын президенти Жорж Буш Түркия президенти Режеп Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, “АКШ террорчулукка каршы күрөшүн улантат жана ага байланыштуу маселелер боюнча Түркияга жардам көрсөтөт,”- деп билдирди.
“Түркиядагы кырсык террорчулукка каршы биргелешип күрөшүүнү дагы бир ирет тастыктады,”- деди НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон.
Түркиянын Тышкы иштер министри Абдулла Гүл Истамбулдагы кечээ күнкү жардырууга катыштыгы бар деп шек саналган бир нече адам кармалганын маалымдады. Истамбулга келген Британиянын Тышкы иштер министри Жек Строу менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында Абдулла Гүл буларга токтолду:
Биз Мусулман өлкөсүндөгү ачык, адам укугунун талаптарына жооп берген демократия бар экенин жана Мусулман өлкөлөрү дүйнөлүк өнүгүү багытында бирге экенин далилдейбиз. Балким бул айрым адамдардын тынчын алып жаткандыр.
Түрк бийлиги террорчулар “ал-Кайида” менен байланышы бар деген ишенимде. Истамбулдагы бейшембидеги жардыруудан 27 адам набыт болуп, 450дөй адам жараат алды.

XS
SM
MD
LG