Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11

Багдадда эки мейманкана жардырылды


Бүгүн таңга маал Багдаддагы “Палестина” жана мурдакы “Шератон” мейманканалары ракета менен аткыланды. Жарылуудан бир адам жараат алды. Ошондой эле Ирактын Мунай өнөр жай министирлиги жайгашкан имаратта да жардыруу болду. Колго жасалган ракета орноткучу жана 30 снаряд Багдаддагы Италия элчилигинин жанынан табылды. “Палестин” мейманканасын аткылоого күбө болгон шаар тургуну:
Эртең менен аябай катуу жардыруу болду. Мен эшикке чуркап чыктым. Жакын жерде бир нече адамды жана эки эшек арабасына орнотулган ракета орноткучту көрдүм. Алар мейманкананын жогорку кабаттарын аткылашты.
“Палестин” жана мурдакы “Шератон” мейманканасында чет өлкөлүк журналисттер, адистер, ошондой эле АКШ менен Британ администрациясынын өкүлдөрү убактылуу жашап турушкан.

XS
SM
MD
LG