Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Кыргызстандын бир катар облустарында экстремисттик маанайдагы баракчалар таратылды


ЖАЛАЛАБАД, ОШ, КАРАКОЛ. Жалалабад шаарынын көчөлөрүнө «Хизб ут-Тахрир» уюмунун кыргыз, өзбек тилдериндеги чоң тамгалуу баракчалары түшкө чейин илинип турду. Жорж Буштун, Ариэль Шарондун жана Ислам Каримовдун дубалдарга, электр мамаларына чапталган сүрөттөрүндө Өзбекстандын АКШ менен Израилге жагынуучулук саясаты айыпталган. АКШнын Ирак саясатын сындоо менен ислам дининдегилерди биригүүгө, халифат курууга, абактагы мусулмандарды бошотууга чакырыктар жазылган. Баракчаларды коомдук тартип кызматкерлери терип жүрүштү. Облустук ички иштер башкармалыгы баракча жабыштыргандар кармала электигин билдирди.
Ал эми Ошто мусулмандарды «динсиздерге» каршы согушка чакырган, Кыргызстандын жетекчилигинен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен кызматташтыкты токтотууну талап кылган жазуулар пайда болду. Мындай баракчалар бүгүн эртең менен шаардын борбордук көчөлөрүндөгү, окуу жайларынын айланасындагы, базарлардагы мамыларга, дубал беттерине жабыштырылып, карапайым элдердин колуна таркатылды.
Бүгүн Каракол шаарынын эл көп каттай турган мекеме-уюмдарына, жогорку жана атайын окуу жайларына, базарларга, көчө бойлорундагы мамычаларга да ушуга окшош мазмундагы баракчалар чапталды. Облустук улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Алтынбек Бекболотовдон алынган маалымат боюнча, мындай баракчаларды «Хизб ут-Тахрир» уюмунун өкүлдөрү таркатып жүрүшкөнү ырасталды. Улуттук коопсуздук кызматынын жер-жерлердеги кызматкерлеринин айтымында, бул жакында Жогорку Сот тарабынан бир катар уюмдардын экстремисттик жана террористтик катары таанылышына байланыштуу. Ал «Хизб ут-Тахрир» диний партиясын экстремисттик, ал эми «Шаркий Азат Түркстан», «Түркстан Ислам», «Шаркий Түркстан» партияларынын террористтик партиялар катары тааныган. Жогорку Соттун мындай чечиминен улам Башкы прокуратура бул уюмдардын Кыргызстанда иш жүргүзүшүнө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG