БИШКЕК. «Рентонгрупп» компаниясына алданган 500дөй аманатчы бүгүн парламенттин алдына чыгып, нааразылык акциясын өткөрүштү. Пикетчилер элдин мүлкүн өзүнө кайтаруу, тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартуу өңдүү талаптарын жазып алып көтөрүп турушту. Алар акцияны Мыйзам чыгаруу жыйынында болгон «өкмөттүк саат» менен байланыштырышты. Бирок бул күнү «Рентонгрупп» тууралуу маселе «өкмөттүк саатта» каралган жок. Мунун себебин Мыйзам чыгаруу жыйынынын экономикалык саясат боюнча комитетинин башчысы Акбөкөн Таштанбеков убакыттын тардыгы менен түшүндүрдү. Анын сунушуна ылайык бул маселе декабрдын башында карала турган болду. Бирок анын пикиринде, компанияга алдангандардын санын, кеткен каражатты тактоо, бухгалтердик иш кагаздарынын баш-аягын жыйноо кыйынга туруп атат. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, алдангандар арыз берүүнү улантышууда. «Рентонгрупп» ишканасынын жетекчилиги аманатчыларды алдап кеткендиги быйыл жайында белгилүү болгон.