Бул чечим Вашингтонго Ирактын жаңы армиясы менен полициясын каруу-жарак менен жабдыганга мүмкүндүк бермекчи. Эмбарго мындан он төрт жылдай илгери, 1990-жылы Саддам Хусейндин армиясы Кувейтке басып кирген соң жарыяланган эле. Вашингтон мындан тышкары өлкөдөгү коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ирак күчтөрүнө өткөрүп берүү ишин тездетүүнү чечти.