Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:32

Украинада катаал ачарчылыктын курмандыктары эскерилди


Киевдеги Ыйык Михаил чиркөөсүндө чогулган 2000дей адам 1932-33-жылдары Украинаны каптаган ачарчылыктын курмандыктарын эскерип, арбактарына таазим этишти. Ошол эки жыл ичинде Украинада ачарчылыктан жети миллиондой адам мерт болгону маалым. Тарыхчылар бул кайгылуу окуяларды советтик диктатор Иосиф Сталиндин украиналык дыйкандарды өз жер үлүштөрүнөн баш тарттырып, колхоздорго бириктириш үчүн жүргүзгөн атайын саясатынын кесепети катары түшүндүрүшөт. Айрым маалыматтар боюнча, 33-жылы Украинада күнүнө 25 миң адам ачарчылыктын азабынан өлүп, кишинин эти менен тамактанган каннибалдар көбөйүп кеткен. Ушул жылдын башында украин президенти Леонид Кучма 22-ноябрды – ошол жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнү катары жарыялаган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG